7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Көмүрдүн баасы октябрга салыштырмалуу 10 пайызга жогорулады

582

2021-жылдын 18-ноябрына карата көмүрдүн баалары үстүбүздөгү  жылдын октябрына салыштырмалу орточо эсеп менен алганда 10,1 пайызга жогорулап, бир тонна  5 706,0 сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.

Маалыматка ылайык, көмүргө эң жогорку баа Ноокат (бир тонна үчүн – 10 039,9 сом), Баткен (бир тонна  үчүн – 9 718,8 сом) жана Исфана (бир тонна үчүн – 9 091,2 сом) шаарларында катталды.

Минималдуу чекене баалар Чаек айылында (бир тонна үчүн —  2 500 сом), Балыкчы шаарында (бир тонна үчүн – 4 049,7 сом), Нарын жана Кара-Балта шаарларында (бир тонна үчүн – 4 500 сом) болгону байкалды.

Көмүргө карата баалар үстүбүздөгү жылдын октябрь айына  салыштырмалуу Жалал-Абад — тоннасы 1 196,2 сомго же  20,4 пайызга, Талас – тоннасы 1 290,0 сомго же 22,7 пайызга, Кербен– тоннасы 1 138,0 сомго же 19,0 пайызга  жана Токтогул– тоннасы 1 085,4 сомго же 17,9 пайызга  бир кыйла  өсүшү белгиленди.

Ошол эле учурда, айдын башына салыштырмалуу Чаек айылында (бир тонна үчүн – 500 сом), Кербен (бир тонна үчүн – 268 сом), Бишкек (бир тонна үчүн – 174 сом) жана Каракол (бир тонна үчүн – 140 сом) шаарларында баанын төмөндөшүн байкоого болот.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

583