7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Япония 2022-жылдан тарта мигранттарды жумушка тартат. Шарттары кандай?

1861

Япония 2022-жылдан тартып чет элдик жумушчу күчүн жумуш орундарына пайдаланууну чечти. Бул тууралуу Юстиция министрлигинин чиновниги билдиргенин чет элдик маалымат булактары жазып чыгышы.

2019-жылы күчүнө кирген мыйзамга ылайык, жумушчулар иштей турган тармактарга 13 секторго бөлүнгөн. Алардын катарында айыл чарба, курулуш, санитария өңдүү тармактар бар. Эмгек мигранттары аталган жумуштарда иштеп өлкөдө беш жылга чейин жүрө алышат. Бирок алар үй-бүлө мүчөлөрүн ала барбашы керек.

Эскерте кетсек, Японияда иммиграция көп жылдар бою чектөөгө алынып келген. Анткени көпчүлүгү этникалык бир бүтүндүктү колдошот. Бирок калктын улгайып бара жатышынан улам өлкөдө жумушчу күчүнө муктаждыкты пайда болду. 2020-жылдын соңуна карата 125,8 миллион адам жашаган Японияда болгону 1,72 миллион чет элдик жумушчулар болгон.

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1862