7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

ЮНЕСКО Кыргызстан тарабынан демилеленген тоо мөңгүлөрүн сактоо жөнүндө резолюцияны кабыл алды

574

2021-жылдын 23-ноябрында Париж шаарында өткөн ЮНЕСКОнун Башкы конференциясынын 41-сессиясынын жүрүшүндө мүчө-мамлекеттер бир добуштан Кыргыз Республикасы тарабынан демилгеленген жана президент Садыр Жапаров тарабынан үстүбүздөгү жылдын сентябрында Нью-Йорк шаарында БУУнун Башкы Ассамблеясынын 76-сессиясынын жалпы дебаттарында айтылган «Тоо мөңгүлөрүнө мониторинг жана изилдөө иштерин кеңейтүү» аталышында резолюцияны колдоп беришти. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, резолюциянын башкы максаты тоо мөңгүлөрүнө мониторинг жана изилдөө маселелери боюнча эл аралык кызматташтыкты бекемдөө. Туруктуу өнүгүү жана реализациялоо Күн тартиби – 2030дун принциптеринин негизинде биргелешкен иш аракеттер аркылуу келечек муунга коопсуз жана туруктуу айлана-чөйрөнү камсыздоо.

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

575