Бүгүн, 26-ноябрда президенти Садыр Жапаров өлкөнүн Коопсуздук кеңешинин жыйынында Камчыбек Ташиевге тапшырма берди.
«Мен жазында өлкөнү кыдырганда көрдүм, сугат жерлер айдалбай жатат бизде. Кайрак жерлерди бияка эле кой, сугат жерлер айдалбай жатат. Ошондон кийин мен бир топ дыйкандар менен баарлаштым. Суроолорду бердим. Эмне үчүн сугат жериңерди айдабайсыңар, ондогон, жүздөгөн гектар жерлер. Алар айтат акча жок, техника жок, үрөн жок, күйүүчү май жок деп. Ошондон кийин келип, жарым жыл мурда Эсептөө палатасына тапшырма бергем. Биздин мамлекеттик банктарды ревизия, аудит жасоо боюнча. Эмне себептен дыйкандарга берилген, жеңилдетилген кредиттер жетпей жатат деп. Кечээ жакында бүттү. Алар текшерип келип бүтүп мага отчетун беришти. Бул жерде дыйкандарга мамлекет тарабынан бөлүнгөн каражаттардын 3 эле пайызы жетет экен. Калган 97% жалаң бизнесмендер, депутаттар, министрлер, губернаторлор, алардын жакын туугандары алат экен. Мына алты пайыз менен. Биз өкмөт аны дыйкандарга берип атабыз. Ал акчаны жүз пайыз дыйкандар алышы керек болчу. Бул жакта жалаң чиновниктер, туугандары алып атат. Бир жылдан үч жылга чейин берилет бул кредит. Мамлекет тарабынан дыйкандарга берилет. Ошол үчүн жерлер айдалбай. Түшүм жок болуп тамак-аш боюнча кооптуу маселе жаралып турат. Ушунун кесепетинен келип чыгып атат.
Ошондуктан мен тапшырма берип коюшум керек. Анткени сугат жерлер айдалбай чөп басып жатса, чөбүн чаап, сатып иет экен. Башка айлам жок дейт, же картошка айдай албаса, же буудай айдай албаса. Биз сырттан импорт кылып атабыз. Ошондуктан азыр мен ушуну берип коеюн. Аттарын атабай эле коеюн. Этикага туура келбей калат. Бул жерде депуттар да бар, министрлер да бар, губернаторлор да бар, алардын туугандары да бар. Азыр депутаттыкка талапкер болуп бараткандар да бар, мурда министр, депутат болуп жүргөндөр.
Ошондуктан, ушул маселени мен Камчыбек Кыдыршаевич сизге тапшырам. Изилдеп чыгып, кимдерге берилген кредиттер, эмне үчүн дыйкандарга жеткен эмес. Кайсыл банктар берген? Мисалы, „Айыл Банк“ менен РСК жөнүндө. Жеке банктар да бар мамлекет аркылуу алып дыйкандарга берген. Ушуларды текшерип чыгып, чечим кабыл аласыз. Бул жерде алган бизнесмендерде 15-20% күнөө болсо болгондур. Анткени алар сүйлөшүү жолу менен, коррупцияга барып, бул жерде 6% менен албайт да. Сөзсүз түрдө жок дегенде 4% банктарга берди да „шапка“ кылып. Алган бизнесмендерди күнөөлөштүн кереги жок. Өткөн иш өттү. Банкирлерди тактап чыккыла. Эмне себептен дыйкандарга берген жок»,- деди Садыр Жапаров.