Жапаров Зулушевке энергетикадагы коррупцияны 2 айда жөнгө салуу тапшырмасын берди. Бул тууралуу президент Коопсуздук кеңешинин жыйынында билдирди.
«Энергетика боючна дагы жөн эле „списать“ этип салган фактылар абдан көп. Мисалы, жок эле, дареги жок, пайдубалы эле турат, ошол үйдө киши жашайт кылып же болбосо бир мекемени ошол жака каттап мына ушул жерден ушунча карыз төлөй албай калды деп туруп, миллиондогон сом карызды жокко чыгарат. Ошону менен жоголуп кетип аткан электроэнергияны „списать“ кылышат экен. Курманкул Токтаралиевич бул эки маселени сизге бердим. Сиз дагы карап чыгып, эки айлык мөөнөттө ордуна коесуз. Райондун эле прокурору жетиштүү болот. Ар бир районго өзүнчө тапшырма бериңиз. Бардыгын изилдеп чыгышсын. Качан болгон? Акыркы үч эле жылдыкын текшерип чыкты. Мына ушундай фактылар чыгып атат», — дейт ал.