Мамлекеттик MegaCom компаниясынын кирешеси эки эсеге өстү. Бул тууралуу президент Коопсуздук кеңешинин жыйынында билдирди.
Садыр Жапаров муну уюлдук оператордун жетекчилеринин ак ниет эмгегинин натыйжасы деп эсептейт, кийин ал топ-менеджментке коюлган талаптарды айтты.
«Мен MegaCom компаниясына жаңы жетекчи дайындаганда, ал менен компаниянын кирешесин көбөйтүү шарты менен келишим түзүлгөн. Буга чейин компаниянын кирешеси 500 миллион сомду түзгөн. Бул жылы алар 1,5 миллиард сом киреше алышат. 1 миллиард кайда кеткен? Мындан тышкары алар 3 миллиард сом салык төлөштү, бул мурунку жылдарга салыштырмалуу эки эсе көп”, — дейт ал.
Өлкө башчы «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасын мисал келтирип, алты айда 1 миллиард 578 миллион сом таза киреше алганын айтты.
«Акыркы бир нече жылда биз биринчи жолу темир жолду оңдоону баштадык жана вагондорду сатып алуудабыз», — деди ал.
Президенттин айтымында, «Манас» эл аралык аэропорту да жылды жакшы киреше менен аяктап жатат.
«Аэропорттун быйылкы кирешеси мурунку 1 миллиард 800 миллиондун ордуна 3 миллиард 110 миллион сомду түздү. 1 миллиард 200 миллион сом кайда кеткен? Бул «Дастан» заводуна да тиешелүү. Карызга белчесинен баткан ишкана быйыл 1 миллиард сом киреше алып жатат», — деди Садыр Жапаров.
Президенттин айтымында, мындай жыйынтыктарга жетишүү мамлекеттик көзөмөлдүн аркасында болду.