7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Май 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ысык-Атада үйлөргө кирип, алтын уурдап жүргөн жигит кармалды

978

Ысык-Атада бир нече уурулукка шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Ысык-Ата РИИБнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 24-ноябрь күнү Ново-Покровка айылынын тургуну 1988-жылы туулган Х.Т. арыз менен кайрылып, белгисиз жаран тарабынан анын үйүнө эшигин талкалап кирип жалпысынан 235 000 сом турган алтын буюмдарын уурдап кеткендигин билдирген.

Бул факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 200-беренеси (Уурдоо) менен катталган.

Жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында жогорудагы фактыга шектелип мурда соттолгон 1999-жылы туулган Ш.Т., аттуу жаран кармалган. Ал жаран күнөөсүн толугу менен мойнуна алып уурдалган алтын буюмдарын өз калоосу менен кайтарып берген.

Шектүү адам Ысык-Ата районунда дагы 10 факты уурулукка катышы бар экендиги аныкталды.

Учурда шектүү кармочуу жайга киргизилип, сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

979