Россиянын Кемеров облусундагы «Листвяжная» шахтасындагы жарылуу болуп, анын кесепетинен 46 шахтёр, 6 куткаруучу каза тапты. Бул тууралуу орус басылмалары жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, кечээ, 25-ноябрь күнү Бишкек убактысы боюнча саат 7.30дар чамасында Кузбасстагы шахтада ири жарылуу болгон. Жер астында эмгектенген 285 жумушчунун 46сы, жардамга барган 6 куткаруучу каза таап, 49 адам ар кандай жаракат менен ооруканага жеткирилген. Дагы 35 жумушчу изделип жатат.
Кырсык боюнча Кылмыш-жаза кодексинин «Байкоосуздуктан адам өлүмүнө алып келген кооптуу өндүрүш объекттеринин өнөр жай коопсуздугунун талаптарын бузуу» беренеси менен кылмыш иши козголуп, шахтаны иштеткен компаниянын директору, орун басары, участканын башчысы камакка алынган. Орусия башкы прокурорунун орун басары Дмитрий Демешиндин айтымында, кырсыкка метандын жарылышы себеп болушу мүмкүн экени болжолдонуп жатат.