7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Акылбек Жапаровго: Дыйкандарга бөлүнгөн акчанын 1 сому кемип көрсүн…

923

Өлкө башчы Садыр Жапаров, Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровго дыйкандарга бөлүнгөн акчага тийишпөөнү эскертти. Мындай тапшырманы ал Коопсуздук кеңешинин жыйынында берди.

«1-январдан баштап Министрлер Кабинетинин мүчөлөрү,  Акылбек Усенбекович эсиңиздерде болсун, дыйкандарга бөлүнгөн бир дагы сом башка багытка кетпеш керек. Биз орто жана чакан бизнести каржылоо боюнча программаларды иштетип атпайбызбы. Ошол менен алышсын. Биз бизнесмендерди акча албасын дебейбиз. Бирок, дыйкандарга бөлүнгөн акча бир сомуна чейин дыйкандарга жетиши керек. 1-январдан баштап, эмдиги жылы эгерде бир сому бир жака кете турган болсо, айрыкча банкирлер, ошолор көзөмөлгө алат, ошолор берет, текшериш керек жана сиздер дагы Министрлер кабинети тарабынан көзөмөлгө алышыңыздар керек. Толук жетиши керек. Эки айлык мөөнөт менен изилдеп чыгасыз», — деди ал.

Мындан сырткары, лицензиялар боюнча геологияны аудит жасап чыкты. Бул жерде дагы коррупциялык элементтер өтө күч алган. Беш он жылдан бери бир эле адам 20-30 лицензияны алып отурган фактылар бар. Аны эмне кылат? Лицензияны алып алат дагы. Изилдөө иштерин жүргүзүп атам деген шылтоо менен кармап жатат. Анан аны сатам деп жашыруун кардар издеп жүрөт. Чет өлкөдөн келген инвесторлорго бир миллионго сатам, беш миллионго сатам деп.  Ал жерде баалуу металлдардын лицензиялары бар, темирдики бар, көмүрдүкү бар жана башка.  Буларды дагы аудит кылып чыгып бүт бардыгын берди. Бул жерде жашыра турган фактылар жок. Муну дагы изилдеп чыгып эки айдын ичинде отчет беришиңер керек!

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

924