7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кожошев: Ишкерлерди тейлөө борбору мамлекет жана бизнестин ортосундагы кызматташтыктын көпүрөсү болот

547

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев Бишкек шаарындагы ишкерлерди тейлөө борборунун расмий ачылышына катышты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

«Мамлекеттик органдар салык төлөөчүлөр үчүн сунушталып жаткан кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын өркүндөтүүдө, электрондук форматка өткөрүүдө белгилүү иштерди жасашты. Ишкерлерди тейлөө борборунда  ишкерлердин ыкчам жана толук көлөмдө консультацияларды жана кызматтарды алуусу үчүн бардык шарттар түзүлгөн. Борбордо салык кызматы тейлөөсүн көрсөтүү менен катар 9 мамлекеттик органдын тейлөөсү көрсөтүлөт, бул ишкерлердин бизнес жүргүзүүсү жана түзүүсүн жеңилдетип, ошондой эле өлкөдөгү инвестициялык климатка оңдуу таасирин тийгизет», — деди Кожошев жана мындай борборлор өлкөнүн барждык региондорунда уюштурулаарын белгиледи.

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары билдиргендей, мындай тейлөө борборунун ачылышы мамлекет үчүн да, бизнес үчүн да чоң мааниге ээ. Мамлекет ишкерлердин корголушу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө кызыкдар.

Маалымдама: Ишкерлерди тейлөө борборунда салык кызматы менен бирдикте төмөнкү мамлекеттик органдардын жана уюмдардын өкүлдөрү: Юстиция министрлиги, Саламаттык сактоо министрлиги, бажы кызматы, Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы, Кыргызпатент, Автоунаа, суу транспорту жана салмак-габариттик контролдоо агенттиги, Баалуу металлдар департаменти, Тышкы миграция департаменти, «Бирдиктүү терезе борбору» мамлекеттик ишканасы (тышкы соода чөйрөсүндөгү), Ишкердикти өнүктүрүү фонду, «Кепилдик фонд», «Мамлекеттик камсыздандыруу компаниясы» акционердик коомдору, «Айыл Банк», «Керемет Банк», «РСК банк» ишкерлерге кызмат көрсөтөт.

Ишкердик борборунан төмөнкү кызматтарды алууга болот:

Юридикалык жактарды, филиалдарды, өкүлчүлүктөрдү, жеке ишкерлерди каттоо, кайра каттоо жана ишин токтотуу; салыктар, салыктык эмес кирешелер жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча отчетторду, эсептөөлөрдү жана декларацияларды берүү; банк эсебин ачуу үчүн салык, камсыздандыруу төгүмдөрү жана бажы төлөмдөрү боюнча карызынын жоктугу жөнүндө маалымкаттарды алуу; лицензияларды жана уруксаттарды алуу; укук белгилөөчү, укук күбөлөндүрүүчү документтерди, мамлекеттик реестрлерден, ведомстволук базалардан көчүрмөлөрдү алуу; бизнести ачуу жана жүргүзүү, продукцияны экспорттоо, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун ишке ашыруу жана бизнес-пландарды иштеп чыгуу боюнча маалыматтык-консультациялык кызматтары; «Кепилдик фонд» ААК камсыздандыруу, кредиттөө, лизингдик операциялар жана консультациялар маселеси боюнча финансы-кредиттик, камсыздандыруу уюмдарынын кызматтары.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

548