Райондун Кеңеш айыл өкмөтүндөгү №2142 шайлоо участкасында добуш берүү үзгүлтүккө учураган эмес. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Тилкенин төрагасы Самат Малышов 7-каналдын кабарчысына билдиргендей, эртең менен бир аз гана бирдиктүү шайлоо тилкеси боюнча коюлган урна чек чыгарбай туруп калган.
«Автоматтык эсептөөчү урнага принтер улангандыктан анын үстү толук жабылбай чек чыгарбай жаткан. 5-10 минутанын ичинде аны калыбына келтирип, процессти үзгүлтүккө учураткан жокбуз” – деди Малышов.
1750дөй шайлоочусу бар шайлоо тилкесинде саат 16-00 карата 407 адам добуш берди.