Буга чейин Жалал-Абад облусунун Сузак районунда 9 жаштагы Сумая 9 күндөн бери дайынсыз болуп жатканы маалымдалган. Ал 18-ноябрь күнү түшкү саат 12:40та үйүнөн мектепке чыгып кеткен бойдон кайтып барган эмес. Сузак РИИБү кечээ, 27-ноябрда ошол эле райондун Арал айылындагы Көк-Арт суусу аккан чоң сайдан жээгинен болжол менен 8-12 жаштагы өспүрүм кыздын жансыз денеси табылганын кабарлаган. Дароо ал Сумая экенин аныктоого мүмкүн болбогондуктан экспертизага жөнөтүлгөн.
Натыйжада, жансыз дене Сумая экендигин РИИБ тастыктады.
Бүгүн, 28-ноябрь Сузакта Сумаяны акыркы сапарга узатуу зыйнаты болуп өттү. Анда өспүрүмдүн жаназасына миңдеген тургундар катышкан.
Бул факт Сузак РИИБ тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине табылган өлүк болуп катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, тиешелүү экспертизалар дайындалды. Учурда тергөө кызматы тарабынан текшерүү иштери жүргүзүлүп жатат.
Сумаяны табуу үчүн Сузак РИИБдин кызматкерлери жергиликтүү 100дөн ашуун тургундар менен биргеликте издөө иштерин жүргүзгөн.