7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

21 партиянын шайлоодо алган пайыздарынын алдын ала жыйынтыгы (ТИЗМЕ)

1211

БШК шайлоонун алдын ала жыйынтыктары тууралуу маалымат таратты. Саат 22.00гө карата 2 миң 494 автоматтык эсептөөчү урналардан 2 миң 261 АЭУдан маалымат алынды, бул  90,66%ды түзөт.

Бирдиктүү шайлоо округу боюнча добуш берүүгө келгендер: шайлоочулардын тизмесинде катталган 3 миллион 703 миң 420 шайлоочудан 1 миллион 189 миң 493 шайлоочу, бул шайлоочулардын жалпы санынын 28,36%ын түзөт. Ал эми бирдиктүү шайлоо округу боюнча шайлоого 21 саясий партиядан 1006 талапкер катышты.

Саат 22.00гө карата автоматтык эсептөөчү урналардын маалыматы боюнча шайлоочулардын добуштары төмөнкүчө бөлүштүрүлдү:

  1. «Ата-Мекен» — 41 056 шайлоочу же 3,45%

  2. “Бүтүн Кыргызстан” – 79 840 шайлоочу же 6,71%,

  3. «Альянс» — 96 642 шайлоочу же 8,12%,

  4. «Легалайз» — 7 347  шайлоочу же 0,62%,

  5. «Ыйман Нуру» — 71 148  шайлоочу же 5,98%,

  6. «Кучтүү регион» — 7 282 шайлоочу же 0,61%,

  7. «Багыт» Кыргызстандын либералдык-демократиялык» партиясы  — 11 457 шайлоочу же 0,96%

  8. «Ынтымак» — 127 611 шайлоочу же 10,73%,

  9. «Ишеним» — 159 757  шайлоочу же 13,43%,

  10. «Азаттык» — 47 575  шайлоочу же 4,00%

  11. «Мекенчил Эл» — 18 254  шайлоочу же 1,53%,

  12. “Кыргызстан жашылдар партиясы” – 4 842 шайлоочу же 0,41%,

  13. «Жашасын Кыргызстан» — 5 232 шайлоочу же 0,44%,

  14. «Социал-демократтар» — 37 846  шайлоочу же 3,18%,

  15. «Аруузат – Эл Куту партиясы» — 5 378 шайлоочу же 0,45%,

  16. «Кыргызстанды Бириктирүүчү Патриоттук партия» — 11 139 шайлоочу же 0,94%,

  17. “Улуттар Биримдиги” — 29 374 шайлоочу же 2,47%,

  18. «Эл Үмүтү» – 52 685 шайлоочу же 4,43%,

  19. «Ордо» — 5 359 шайлоочу же 0,45%,

  20. «Улуу-Журт» — 8 485 шайлоочу же 0,71%,

  21. «Ата-Журт Кыргызстан» — 200 244 шайлоочу же 16,83%,

  22. Баарына каршы – 25 578 шайлоочу же 2,15%. 

Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык Мыйзамга ылайык, шайлоо округу боюнча депутаттык мандаттарды бөлүштүрүүгө 5% — жалпы республикалык босогону, 0,5% — аймактык шайлоо босогосунан өткөн саясий партияларга жол берилет.

Саясий партиялар алган мандаттарды бөлүштүрүүдө, алгач жалпы мандаттардын санынын 30пайыздан кем эмеси шайлоочулардын эӊ көп добушун алган аялдардын арасында бөлүштүрүлөт. Эгер саясий партиялардын тизмесиндеги аял талапкерлер шайлоочулардын добуштарын албай калса, аялдар квотасы боюнча калган мандаттар  Борбордук шайлоо комиссиясында тизмени каттоодо белгиленген саясий партиянын тизмесиндеги аял талапкерлердин жайгашуу тартибине ылайык кезек боюнча бөлүштүрүлөт.

Андан соӊ калган мандаттардын жалпы санынын 70 пайызы башка талапкерлерге салыштырмалуу катар номуру үчүн шайлоочулардын добуштары көбүрөөк берилген  талапкерлердин ортосунда бөлүштүрүлөт. Бул учурда саясий партиялардын талапкерлеринин тизмесиндеги талапкерлердин позициялары ар бир талапкердин алган шайлоочулардын добуштарынын санына жараша төмөнгө карай ыраатта жайгаштырылат.

Бир саясий партиянын тизмесиндеги талапкерлер ортосунда алган шайлоочулардын добуштары теӊ болуп калган учурда, талапкердин позициясынын ирети Борбордук шайлоо комиссиясында тизмени каттоодо бул тизмеде талапкерлердин жайгашуу тартибине ылайык аныкталат.

Пропорционалдык тутум боюнча саясий партияга Жогорку Кеӊешке депутаттык мандаттардын жалпы санынын 50%дан ашпаганы берилиши мүмкүн (27 манданттан көп эмес).

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1212