Бишкекте “Ордо” саясий партиясынын лидери Мирбек Мияров дайынсыз. Бул тууралуу ал саясий партиянын өкүлдөрү билдиришти.
Маалыматка ылайык, аны соңку ирет кечээ, 28-ноябрда (шайлоо күнү” саат 15:00дө көрүшкөн.
“Ал кечээ Пишпек районундагы шайлоо тилкесине кеткен. Ошондон бери дайынсыз. Уюлдук телефону өчүк, мессенджерге соңку ирет болжол менен саат 14:00дө кирген бойдон кирген эмес. Туугандары дагы анын кайда экенин билбей жатышат. Биз эч нерсени билбей туруп мамлекеттик органдарды күнөөлөгөндөн алыспыз, балким аны уурдап кетишкендир же башка жагдайлар болуп кетиши мүмкүн. Азырынча бизде так божомолдоолор дагы жок. Эгер кечке чейин табылбаса милиция кызматкерлерине арыз жазабыз”, — деп айтышты партиядан.
Белгилей кетсек, кечээ, 28-ноябрда парламенттик шайлоо болуп өттү.