7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Салтанаттын өлүмү:  Мен кантип өзүм баккан кайын иним менен жатып алмак элем?

4813

Ноябрь айынын башында 24 жаштагы Салтанат атуу келин өзү жашаган үйдүн короосуна асынып алган. Ал өлөр алдында кат жазып кеткен. Анда өлүмүнүн себепкери катары жолдошу Залкар менен улуу абысыны Назира жазылган. Буга байланыштуу тийиштүү экспертизалар дайындалып, келиндин кош бойлуу экендиги аныкталган.

Маркумдун бир тууган байкеси Бакыт Назаралиев бул ишке тиешеси барлар жооп берсин деп, күйө баласы менен анын бир тууган жеңеси Назира аттуу айымды күнөөлөшүүдө.

Абысыны Назира Имеркулова ал үйгө келин болуп келгенде Залкар 6 жаштагы бала болгонун жана аны өз уулундай чоңойтуп, жада калса Салтантты атасы менен сүйлөшүп өзү таап, үйлөндүргөнүн айтат.

“Залкарды мен чоңойттум. Кийин жолдошум каза болуп калды. Бара турган жерим жок болгондуктан кайын энем менен чогуу жашап калдык. Күйөөм жок болгондуктан айылдагылардын баары эле мени аңдый беришет. Биздин үйгө кирип-чыккандардын баарын тең эле мага күйөө, ойнош кылып салышат. Акыры баламдай болгон кайын инимди мага ойнош кылып жатышат. Мен аны мектепке өзүм алып баргам. Жогорудагы ушактардан качып Россияда 2 жыл жүрдум иштеп. Залкар менен Салтанат көп урушушчу. Мен Россияда жүргөн убакта дагы мага чалып арызданып калчу. “Ушинтип кетип кала берсеңь күйөөң башка бирөөнү таап алат” деп айтканым чын. Дал ушул билдирүү Салтанаттын өлүмүнө фигурант болуп жатат. Мен жалган-жалаадан тажадым. Күнүгө милиция бөлүмүнө барам. Мунун баары жалган”, — дейт ал.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

4814