7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Соцфонддун башкы адиси пара алып жаткан жеринен кармалды

1047

Сузак району боюнча калкты социалдык жактан тейлөө бөлүмүнүн башкы адиси пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 6-декабрда Сузак районунун тургуну, Сузак райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын кызматкери жаш балдарга пособия алуу үчүн берилген арыздарды кароо жана каттоо үчүн акча каражатын опузалап талап кылып жатат делген арыз менен кайрылган.

Буга байланыштуу арыздын материалдары Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүмүндө (Опузалап пара алуу) каралган кылмыштын белгилери боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

7-декабрда жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында, пара алып жаткан жеринен Социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын Сузак району боюнча калкты социалдык жактан тейлөө бөлүмүнүн башкы адиси “М.Э.С” кармалды.

Учурда тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1048