Бишкекте спорттук мектептин тарбиялануучусу Анарбек Ишенбаев күрөш боюнча Азия жана Океания чемпионатында алтын байгеге ээ болду. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, эл аралык мелдеш ушул жылдын 2-декабрынан 6-декабрына чейин Бейрут шаарында өттү.
Ал өспүрүмдөр арасында 90 кг салмакта күч сынашып, жалпысынан 12 өлкөдөн 126 спортчу катышты.
Белгилей кетсек, Ишенбаев Бишкек мэриясынын Дене тарбия жана спорт башкармалыгынын АБӨРСМнин спорттук күрөш боюнча тарбиялануучусу.