7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жумуш ордунда спирт ичимдигин ичкен РИИБ жетекчисинин орун басары кызматтан кетти

2585

Ленин райондук ИИБинин жетекчисинин орун басары Жанара Мусаева ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, аталган кызматкер жумуш учурунда спирт ичимдиктерин колдонгону айтылды. Ал кызматтык эрежени одоно бузганы үчүн кызматынын бошотулду. Аталган факт боюнча кызматтык териштирүү жүргүзүлгөн.

Мындан тышкары, Жанара Мусаеванын бир тууганы 2016-жылы киши өлтүрүү боюнча айыпталып, Кочкор райондук соту тарабынан 3 жылга эркинен ажыратылган.

Бирок, бул факты Жанара Мусаеванын ээлеген кызматына эч кандай таасири тийбегени ведомстводо белгиленген.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

2586