7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Көмүрдүн баасы ноябрга салыштырмалуу дээрлик 6 пайызга төмөндөдү

816

Ушул жылдын 10-декабрына карата көмүрдүн чекене баалары республика боюнча үстүбүздөгү жылдын ноябрына салыштырмалуу орточо эсеп менен алганда 5,9 пайызга төмөндөп, бир тонна  5 342,8 сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика камитети билдирди.

Маалыматка ылайык, көмүргө эң жогорку баа Ноокат (бир тонна үчүн – 7 989,6 сом), Баткен (бир тонна  үчүн – 7 969,9 сом) жана Кербен (бир тонна үчүн – 7 824,6 сом) шаарларында катталды, муну менен бирге минималдуу чекене баалар Чаек айылында (бир тонна үчүн —  3 000 сом), Балыкчы шаарында (бир тонна үчүн – 4 049,7 сом), Нарын (бир тонна үчүн – 4 449,7 сом)  жана Токмок шаарларында (бир тонна үчүн – 4 598,9 сом) болгону байкалды.

Көмүргө карата баалар үстүбүздөгү жылдын декабрында ноябрь айына  салыштырмалуу Кербен– тоннасы 1 825,4 сомго же 30,4 пайызга, Жалал-Абад – тоннасы 333,5 сомго же 4,7 пайызга, жана Покровка айылында  — тоннасы 300 сомго же 5,5 пайызга  бир кыйла  өсүшү белгиленди.

Ошол эле учурда ноябрь айына салыштырмалуу Исфана (бир тонна үчүн – 1 871,6 сом), Баткен  (бир тонна үчүн – 1 748,9 сом),  Ноокат (бир тонна үчүн – 1 428,5 сом) жана Токтогул (бир тонна үчүн – 906,2 сом)   шаарларында баанын төмөндөшүн байкоого болот.

Белгилей кетсек, көмүргө бааларды жөнгө салуу максатында, министрлер кабинети 11-октябрдагы токтому менен №209 көмүрдүн баасын убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу киргизилген.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

817