7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жалал-Абадда 100 тонна сүттү кайра иштетүүчү ишкана ачылат

948

Жалал-Абадда 100 тонна сүттү кайра иштетүүчү ишкана ишке кирет. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абаддагы өкүлчүлүгүнөн билдирди.

Маалыматка ылайык, Ала-Бука районунда күнүнө 100 тонна сүттү кайра иштетүүчү ишкана ишке кирет. Жергиликтүү тургундарга сүт өндүрүү жана белгиленген эрежелерге ылайык өткөрүү боюнча атайын окуутуулар жүргүзүлүүдө.

«Буга чейин инвестор менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөн. Ишкана райондогу эски сүт заводун имаратында жайгашып, баардык керектүү жабдыктар менен камсыздалган. Жакынкы арада имаратты оңдоп-түзөө иштери аяктаса, жумуштар башталат»,-деп билдирди Район башчысы Нурбек Сатаров.

Ишкананын ачылышы менен атайын техникаларда ар бир айылды кыдырып сүт жыйналат.

Белгилей кетсек, жергиликтүү бийлик бул менен калктын кошумча киреше бөлүгүн арттыруу максатын көздөйт.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

949