Эртең, 12-декабрда UFC чемпиону Валентина Шевченко Ош шаарына барат. Бул тууралуу nstagram баракчасы аркылуу видео кайрылуу жасаган.
Маалыматка ылайык, ал Султан Ибраимов атындагы драма театрында күйөрмандары менен жолугуп, иш-чара саат 14:30да башталып, 17:00гө чейин уланаары күтүлүүдө.
Белгилей кетсек, Валентина Шевченко Кыргызстанга 21-ноябрда келип, буга чейин Ысык-Көлгө чейин барып эс алып келген.