Ошто документи жок үйлөргө техникалык паспорттор тапшырылды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 15-декабрда, Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов Мээркан айылындагы үйлөрдүн техникалык паспортун тапшырды. Буга чейин мыйзамсыз курулган үйлөргө ээлери документ ала албай келишкен.
Жапалактагы 13 айылда 800гө жакын үй мыйзамсыз курулганы маалым болгон. Анын ичинен 300 турак жайга техникалык изилдөө жүргүзүлдү. Учурда калган үйлөрдө да мобилдик топтор иш алып барууда.
Ошондой эле, шаар башчысы техникалык паспортторду тапшыргандан сырткары жергиликтүү элдин көйгөйлөрүн угуп, Мээркан айылына коомдук транспорттордун каттамын көбөйтүү, таза суу маселелери айтылды.