7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жалал-Абадда USAIDдин «Ийгиликтүү аймак 2» долбоору ишин баштайт

870

Жалал-Абадда USAIDдин «Ийгиликтүү аймак 2» долбоору ишин баштайт.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад облусунун үч районунда АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) менен бирге КРнын өнүктүрүү саясат инситуту «Ийгиликтүү аймак 2» долбоору ишин баштайт. Бүгүн бул багытта аткарылуучу жумуштарды талкуулаган жыйын өттү.

Жыйынга президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев, долбоордун уюштуруучулары, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.

USAIDдин «Ийгиликтүү аймак 2» долбоорунун аткаруу мөөнөтү 2025-жылга чейин болуп, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын жана Ош облустары тандалып алынган.

Долбоордун максаты, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын калкка кызмат көрсөтүүдө натыйжалуулугун жана жоопкерчилигин жогорулатуу аркылуу, калктын жашоо сапатын жакшыртууга багытталган. Демилгеге өнөктөш болгон муниципалитеттерге кызмат көрсөтүү боюнча тажрыйба жана алдыңкы практикалар менен окутуп-үйрөтүү колго алынат.

Жыйында облус башчысы буга чейин да USAIDдин “Ийгиликтүү аймак” долбоору 2016-жылдан баштап Базар-Коргон жана Сузак районунун айылдарында иш алып барганы маалым экенин айтты. Облус аймактары айыл-чарба, кайра иштетүү жана өнөр жай тармактарына бай экенин, мына ушул мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүдө, бардык кызыктар тараптар менен чогуу иш алып барууга даяр экенин билдирди.

Белгилей кетсек, өткөрүлгөн жыйындын натыйжасында USAIDдин жаңы «Ийгиликтүү аймак 2» долбоорунунун алкагында иш алып барылуучу райондор тандалат.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

871