Автобустарды сатып алууга 33 млн евродон ашык каражат жумшалат. Бул тууралуу брифингде Бишкек мэриясынын борбордук аппаратынын экономика жана финансы бөлүмүнүн башчысы Адилет Малдыбаев билдирди.
“Биз Азия өнүктүрүү банкынын (АӨБ) линиясы боюнча Бишкектин аймагына 50 млн доллардан ашуун каражат тарттык. Бул каражаттардын жарымы грант болсо, жарымы насыя түрүндө берилүүдө. Акча электр автобустарын сатып алууга керектелет.
Ошондой эле Европа реконструкция жана өнүктүрүү банкы тарабынан 33 млн еврого бааланган долбоор бар. Бул жерде 13 млн еврону карызга алсак, калганы грант катары берилет. Бул каражаттар дагы автобустарды сатып алууга жумашалат”, — деди Малдыбаев.
Ал эми мэриянын экономика жана инвестиция департаментинин башчысы Кубанычбек Кудабаев бул каражаттар транспорт сатып алуудан тышкары башка иштерге дагы жетээрин баса белгиледи.