7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бүгүн ЮНЕСКОнун Париждеги штабында «Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары» каралат

790

Бүгүн, 16-декабрда саат 15:45 — 16:10 аралыгында ЮНЕСКОнун штаб-квартирасында (Париж, Франция) онлайн форматта Материалдык эмес маданий мурастарды коргоо боюнча өкмөттөр аралык комитеттин 16-сессиясында Дүйнөлүк көчмөндөр оюну каралат. Ал эми  Кыргыз улуттук тарых музейинде онлайн форматта чагылдырылат. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ЮНЕСКОнун 16-сессиясы 13-декабрда башталган, кароо 18-декабрга чейин уланат.

“Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары: мурастардын кайра жаралуусу, маданий көп түрдүүлүктүн салтанаты” бул Тизмедеги Кыргыз Республикасы тарабынан сунушталган биринчи номинация. Жалпысынан Комитеттин жыйынында быйыл ЮНЕСКОнун Материалдык эмес маданий мурастар тизмесине киргизүү үчүн дүйнөнүн бардык өлкөлөрүнөн 59 номинация каралып жатат, анын ичинде «Италияда трюфельдерди издөө жана казып алуу: салттуу билимдер жана тажрыйбалар», « Голландиядагы гүлдөр жана мөмө-жемиштердин фестивалы”, “Таиланддын түштүгүндөгү Нора бий драмасы” жана башка номинациялар.

Белгилей кетсек, 4 жылдык мөөнөткө шайланган ЮНЕСКОго мүчө-өлкөлөрдүн 24 өкүлү кирген Материалдык эмес маданий мурастарды коргоо боюнча өкмөттөр аралык комитет жылына бир жолу чогулат. Номинацияларды ЮНЕСКОнун Материалдык эмес маданий мурастар тизмесине киргизүү эл аралык деңгээлде материалдык эмес маданий мурастарды кеңири жайылтууга салым кошууну көздөйт.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

791