Бишкек шаарынын мэри балдар үйүндөгү эки бүтүрүүчүгө үйдүн ачкычын тапшырды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, “Жетим-балдар” жеңилдетилген категория боюнча турак-жайга муктаж болуп, райондук администрацияда каттоодо турган балдар үйүнүн бүтүрүүчүлөрү У.Ж.Курмангалиев жана Б.К. Атановго муниципалдык турак жай берүү боюнча буйругу чыгарылды.
Эскерте кетсек, ноябрь айында балдар үйүнүн 5 бүтүрүчүүсүнө үйдүн ачкычтары тапшырылган.