Жалал-Абадда 19-20-декабрь күндөрү, кар калың жаагандыгына байланыштуу жолдор тазаланууда. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, аба ырайы кескин өзгөрүлүп, кардын жаашына байланыштуу Жалал-Абад облусундагы Бишкек-Ош автоунаа жолунун 315-427-чакырымында жолдор тазаланып, кум себүү иштери жүрүүдө.