Жалал-Абад шаарындагы №2 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имараты капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган жайдын айнек-терезелери жана эшиктери пласттикке алмаштырылып, жылытуу системасы жаңыланган. Ошондой эле имараттын ички бөлүгү толугу менен актап-сырдоодон өткөрүлдү. Ал эми имараттын алдына отургучтар орнотулуп, бейтаптарга жана дарыгерлерге ыңгайлуу шарт жаратылды.
№2 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имаратын капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүү үчүн 2 миллион сомго чукул каражат бөлүнгөн. Анын 70%ы дем берүүчү грант болсо, калган 30%ы жергиликтүү бюджеттен жумшалган.