7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жактоочу: Аскар Акаевге карата козголгон кылмыш иштери токтотула элек

879

Кумтөр боюнча экс-президент Аскар Акаевге козголгон кылмыш иши токтотула элек. Бул тууралуу 24.kg агенттигине мурдагы мамлекет башчынын жактоочусу Айбек Самарбеков билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө тергөөдө Аскар Акаевге карата эч кандай суроо жок. Кумтөр иши боюнча тергөө толук бүтө элек, андыктан мурдагы президентке коюлган айыптардын баары алынып салынды деп айтууга эрте.

«Тергөө уланууда, кылмыш иши токтотула элек. Бул ишке тиешеси бар бардык адамдар шектүү катары суракка алынууда. Алардын арасында Аскар Акаев да бар. Ал бардык суроолорго жооп берип жатат жана кийинки жолу качан суракка чакырылары белгисиз. Бирок, Аскар Акаевге эркиндигине эч кандай чектөөлөр коюлган жок, ошондой эле өлкөдө ээн-эркин жүрө алат», — деди Айбек Самарбеков.

Буга чейин  Бекболот Талгарбеков экс-президент Москвага учуп кеткенин, андан Кумтөр боюнча бардык айыптар алынып салынганын билдирген болчу.

Эске салсак, Аскар Акаев борборго 14-декабрда учуп келип, кайра кечээ 19-декабрда учуп кеткен.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

880