Эртең, 21-декабрда Бишкекте күндүз жаан, кар жаайт, түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирет.
Маалыматка ылайык, түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот.
Абанын температурасы:
- Чүй облусунда түнкүсүн -3…2, күндүз 10…15;
- Талас жергесинде түнкүсүн 0…-5, күндүз 9…14;
- Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн -4…1, күндүз 10…15;
- Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз 1…6;
- Нарын облусунда түнкүсүн -14…-19, күндүз -4…-9;
- Бийик тоолордо түнкүсүн -22…-27, күндүз -7…-12;