7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Казакстанда өлүм жазасы жокко чыгарылды. Эми кылмышкерлерди кантип жазалашат?

845

Казакстандын кылмыш кодексинде 17-берене боюнча өлүм жазасы каралган эле. Тактап айтканда мындай жазага террорчулукка баргандар, Президенттин жана тунгуч мамлекет башчы Нурсултан Назарбаевдин өмүрүнө кол салууга аракеттенгендер жана согуш маалында өзгөчө оор кылмыштарга баргандар тартылчу. Анткен менен 2003-жылдан тартып өлүм жазасына мораторий киргизилген. Соттор өлүм жазасына өкүм кылганы менен, ал мораторий алынгандан кийин гана ишке ашмак. Акыркы жолу мындай жазага 2016-жылы Руслан Кулекбаев аттуу жаран өкүм кылынган. Ал Алматыда теракт уюштурууга айыпталган. Шаардагы атышууда он киши көз жумган эле.

Казакстандын Сенаты 23-декабрда өлүм жазасын жокко чыгарган мыйзам кабыл алды. Тиешелүү өзгөртүүлөр киргенден кийин өлүмгө өкүм кылынгандардын жазасы өмүр бою эркинен ажыратууга алмаштырылат.

Өлүм жазасына мораторий КМШ мамлекеттеринин көбүндө киргизилген. Бир гана Беларуста бул жаза ишке ашып келет. 1990-жылдан бери Минскиде 400дөн ашуун айыпталуучу аттырылган.

Өлүм жазасы 58 мамлекеттин мыйзамдарында каралган. АКШда адатта иньекция аркылуу ишке ашырылат. Ал эми Кытайда өзгөчө оор кылмыштарга баргандар атууга кетет. Дүйнөдө бир гана Сауд Арабияда өлүм жазасына тартылгандардын башы алынат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

846