7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Женго» каймана аты менен белгилүү кримтөбөл камактан бошотулду

867

«Женго» каймана аты менен белгилүү кримтөбөл Кадыр Досонов үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу Ош облустук сотунун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 4-декабрда Жазык кодексинин 207-беренесинин (бөтөн жер участогун өзүм билемдик менен ээлеп алуу жана максаттуу багытын бузуу менен айыл чарба багытындагы жерлерге өзүм билемдик менен курулуш куруу) 3-бөлүгү, 215-беренесинин (кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) 3-бөлүгү боюнча шектелген Кадыр Досоновдун жазык иши боюнча тергөө иши аяктаган.

Ал эми иш 15-декабрда Кара-Суу райондук сотунун өндүрүшүнө алынган. 17-декабрда айыпталуучунун жактоочусу Н.Сүйүнбаева соттук териштирүү башталганга чейин алдын ала угуу боюнча айыпталуучунун бөгөт коюу чарасы жөнүндө өтүнүч менен кайрылган. Өтүнүч 23-декабрда каралып, канааттандырылган.

Жазык-процесстик кодексинин 166-беренесинин талабына ылайык, айыпталуучу К.Досоновго карата үй камагы түрүндөгү бөгөт коюу чарасы 2022-жылдын 15-февралына чейин тандалып, камактан бошотулду.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

868