7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жалал-Абадда облус башчысынын балаты майрамы өттү 

713

Бүгүн, 24-декабрь президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаевдин балдарга арналган жаңы жылдык балаты майрамы өттү. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чара облустук Барпы атындагы кыргыз драма театрында уюштурулуп, сахналаштырылган жаңы жылдык жомок, концерттик программа жана ыр-бийлер менен коштолду.

Балаты майрамына 200гө жакын облустун район-шаарларынан келген окуунун алдыңкылары жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары катышты.

Облус өкүлү жаш жеткинчектерди келе жаткан жаңы жыл менен куттуктап, Жалал-Абад облусунда келечек муундардын татыктуу билим алуусуна түзүлүп жаткан шарттар тууралуу айтып берди. Балдарды мыкты билим алып, жакшы жүрүм-турум менен, досторуна үлгү болуп, ата-энелери, жалпы өлкө сыймыктанган уул-кыздардан болушун тиледи.

Бул жылы Жалал-Абад облусунун башчысынын жаңы жылдык белектери жалпы 500 балага даярдалган. Алар аз камсыз болгон, алдыңкы окуучулар жана ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга таратылат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

714