7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жапаров: Бүтүндөй үй-бүлөлөрдүн өмүрүн алган жол кырсыктары кооптонууну жаратууда

690

Бүгүн Садыр Жапаров Министрлер кабинетинин жыйналышында өлкөдөгү жол кырсыктарынын алдын алуу маселесине токтолду.

«Жол кыймылынын коопсуздугу боюнча маселе коомубузда абдан курч болууда. Бүгүнкү күндө адам өлүмү менен коштолгон жол-унаа кырсыктарын талдап көрсөк, 11 айда 780 адам каза болуп, 10 миңден ашык адам ар кандай жаракаттарды алышкан.

Бүтүндөй үй-бүлөлөрдүн өмүрүн алган жол кырсыктары болгон. Коомчулук арасында кооптонууну жаратууда.

Эксперттер, негизинен айдоочулардын маданиятсыздыгынан келип чыккандыгын белгилешүүдө.

Тактап айтканда:
— айдоочулардын ылдамдыкты ашыргандыгынан;
— айдоочулардын жол тилкесинде туура эмес маневр жасагандыгынан
— айдоочулардын жолдун карама-каршы тилкесинен чыгып кеткендигинен;
— айдоочулардын унаа каражаттарын мас абалында айдагандыгынан — көп кырсык болууда.

Айрыкча:Бишкек (59%), Ош облусу (53%), Чүй облусунда (47%), Ош шаары (32%), Ысык-Көл облусунда (35%) көбөйгөн.

Мунун баары биз жоготкон жакындарыбыз жана бирөөнүн багуусуна көз каранды болгон тагдырлар.

Бирок мамлекетте „Коопсуз шаар“ долбоорунун камералары турган жерлерде укук бузуулар 30-40%га чейин азайгандыгын көрүп жатабыз.

Демек, Коопсуз шаар долбоорунун 1-этабы өз жемишин берип жаткандыгына байланыштуу анын 2-этабын толугу менен бүт республика боюнча тезинен ишке киришин колдойм.

Жол кыймылынын кырсыктарынын башкы себеби: айдоочулардын күбөлүктөрдү сатып алуусу, же автомектептердин начар окуткандыгында гана эмес, бул бүтүндөй коррупциялык система — схема.

Ошол эле учурда бул көйгөй бир гана Мамлекеттик автоинспекциясынын милдети эмес, бул бардык мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, жергиликтүү бийликтин, социалдык органдардын — баарына проблема.

Бул жалпы элдик күрөш. Рулга отурган баланы „акырын айда, арак ичпе, кызылдан өтпө, шашпа“ деп күнүгө кулагына куюшубуз керек. Өмүр бир гана жолу берилет.

Жол эрежесинин мыйзамдарын баарыбыз сактап, бирөөгө зыян келтирбей жашайлы. Жол эрежесин сактоо укук коргоо кызматкерлери үчүн эмес, өзүбүздүн коопсуздугубуз үчүн өтө маанилүү экендигин белгилегим келет.

Бүгүнкү менин катышуумдагы Министрлер Кабинетинин жыйынына бул маселенин көтөрүлүшү анын актуалдуулугун күчөтөт деп ойлойм.

Же бул маселе менин катуу контролума чыгарылды деген сөз. Маселени чечүү үчүн кечиктирилгис чараларын тезинен кабыл алышыбыз керек.

Бул боюнча менин тийиштүү Жарлыгым чыкты»,-деди Жапаров.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

691