7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жогорку Сот депутаттык мандат Акаев менен Оргалчанын кимисине берилерин чечти

1791

Жогорку Сот «Альянс» партиясынын ишин карап, Бишкектин административдик сотунун чечимин күчүндө калтырды. Бул тууралуу Жогорку Соттун басма сөз кызматы билдирди.

Буга чейин Борбордук шайлоо комиссиясы 15-декабрдагы жыйынында “Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнү уюштуруу жана тартиби, добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөө жана шайлоо комиссиялары тарабынан шайлоонун натыйжаларын аныктоо жөнүндө жобо жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизген.

Ага ылайык, талапкерлердин гендерлик теңчилигине карап мандаттарды бөлүштүрүү жөнүндө пунктга өзгөрүү киргизилген. Бул жобо «Альянс» саясий партиясынын талапкерлерине түздөн-түз тиешеси бар болгондуктан, тизмедеги Жанар Акаевдин ордуна Токтобүбү Оргалча мандат алаары маалымдалган. Соттун чечими менен мандат Жанар Акаевде калтырылды. Ал эми БШКнын кабыл алган жобосу негизсиз жана мыйзамсыз деп табылды.

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1792