7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Мамлекеттик башкаруу академиясына Жусуп Абдрахмановдун ысымы ыйгарылды

682

Өлкө башчы Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясына (КРПМБА) белгилүү мамлекеттик ишмер Жусуп Абдрахмановдун атын ыйгаруу жөнүндө” жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Жарлык кыргыздын көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмери Абдрахмановдун туулган күнүнүн 120 жылдыгына арналган мааракелик иш-чаралардын алкагында жана анын кыргыз мамлекеттүүлүгүн өнүктүрүүгө жана калыптандырууга кошкон тарыхый зор салымын эске алуу менен иштелип чыккан.

Белгилей кетсек, академиянын окумуштуулар кеңеши кыргыздын мамлекеттик жана саясий ишмери Абдрахмановдун туулган күнүнүн 120 жылдыгын белгилөөнү уюштуруу боюнча комитеттин демилгесин колдоп, ошондой эле чыгаан мамлекеттик ишмердин ысымын билим берүү мекемесине ыйгарылышы сыймык экенин билдиришти.

Белгилей кетсек, КРПМБА мындан ары “Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясы” деп аталат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

683