Ош облусунда “Джамаат ат-Таухид валь-Джихад” террористтик уюмунун жактоочусу кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Ош облусунун 38 жаштагы тургуну Ж.Э. аттуу жаран «инстаграм» интернет баракчасы аркылуу Кыргызстандын аймагында тыюу салынган террористик жана экстремисттик уюмдардын материалдарын уюлдук телефон аркылуу таркатып жүргөндүгү аныкталган.
Ал “Джамаат ат-Таухид валь-Джихад” террористик уюмунун (2016-жылдын 17-март күнү Ош шаардык сотунун чечими менен Кыргыз Республикасынын аймагында тыюу салынган) жакын колдоочусу катары бааланып, социалдык тармактарда чакырыктарын таратып жүргөндүгү айкын болгон.
ЖКнин 332-беренесинин (экстремисттик материалдарды даярдоо жана таратуу) негизинде кылмыш иши козголуп тергөө амалдары жүргүзүлүп, тийиштүү экспертизалар дайындалган.
Соттук экспертизалардын жыйынтыгында КРнын мыйзамдарында тыюу салынган диний-экстремисттик материалдар бар экендиги тастыкталган.
Учурда тергөө иштери аяктап, кылмыш иши соттун кароосуна жөнөтүлдү.