7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Белгилүү ак костюму менен жерге берилген». КФСнин тарыхы жана негиздөөчүсү тууралуу

2985

Тез даярдалуучу азыктардын зыяндуулугу тууралуу маалыматтар арбын болгону менен аларга кезекке тургандардын да саны көп. Сиз деле бул жайлардан тамактанып, даам сызган болушуңуз керек. Биз бүгүн фаст-фуддардын сап башында турган “KFC” тез татымынын тарыхына кайрылабыз. Аны баарыбыз сүйүп жегенибиз менен кайдан, качан пайда болгонун көпчүлүгүбүз биле бербесек керек.

“Кентуккиден куурулган жөжө” (Kentucky Fried Chicken) деген сөздөрдүн баш тамгаларынан алынган бренддин аты айтып тургандай эле АКШнын Кентуки штатында пайда болгон. Ал эми негизги тамагы тооктун эти болуп эсептелинет. Бир кызыктуу жери – “KFC” компаниясы анын даярдоо ыкмасын сыр бойдон сактап келет. Бул азыктын тарыхы тууралуу сөз кылганда анын негиздөөчүсүн көз жаздымда калтырып кетүүгө мүмкүн эмес. Аны эң алгач ойлоп тапкан адам – Гарлан Сандерс аттуу америкалык жаран болгон.

Гарлан Сандерс 1890-жылы 9-сентябрда дүйнөгө келген. Балалык чагы кыйынчылык менен коштолуп, оор күндөрдү кечирген. Атасы фермерлердин тапшырмасын аткаруу менен тыйын тапса, апасы үй кожойкеси эле. Гарлан  кичинекей кезинде эле атасы кайтыш болот. Үй-бүлөнү багуу үчүн апасы иштөөгө мажбур болуп, Гарлан кичинекей иниси менен карындашын карап үйдө отуруп калат. Мектепте ал 6-класска чейин эле билим алып, шарты жоктугунан улам андан ары уланта албай калган. Апасы жумушка кеткенде тамак жасаганды үйрөнө баштаган. Себеби анда бир туугандарынын курсагын тойгузуу милдети болгон.
Кийин 15 жашынан баштап автобус кондуктору болуп иштеп, бир жылдан кийин аскерге аттанган. Андан соң ал темир жолдо от жагып иштеп калат. Ушул кезде Клавдия аттуу кызга үйлөнүп, өмүрүнүн аягына чейин бирге жашашкан. Гарлан ар кайсы кесипти аркалап жүрүп Корбин шаарында авто унаа оңдогон устакана иштетип, анын алдына чакан ашкана ачып коёт. Ал жерде өз колу менен тамак жасап баштайт. Кардарларга бул тамак жагып, бара-бара унаасын оңдотуу үчүн эмес, өздөрү тамак жеш үчүн келгендердин саны арбыйт. Ушул учурда Сандерс керектүү нерсени тапкандыгын түшүнөт да, рецептти дагы жакшыраак өздөштүрүп, ашканасын кеңейтет. Андан кийин ресторандарды ачып, алардын санын көбөйтүп отуруп Кентуккиге бат эле Полковник Сандерс деген ат менен таанымал болуп калат.

Гарлан көбүнчө классикалык кийим кийген: ак костюм менен кара бабочканы таштаган эмес. Ал “KFC” компаниясынын логотибине да ушул бойдон тартылып калган. 74 жашында өзүнүн ишканасын 2 миллион долларга сатып жиберген. Өзү болсо 1980-жылы 90 жашка чыгып каза болуп, KFCнин негиздөөчүсүнүн образын элестеткен белгилүү ак костюму менен жерге берилген.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

2986