7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров иш сапары менен Кытайга барат

628

Президент Садыр Жапаров Кытай Эл Республикасынын (КЭР) төрагасы Си Цзиньпиндин чакыруусу менен 3-6-февралда иш сапары менен КЭРде болот. Бул туурасында президентинин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Жээнбек Кулубаев билдирди.

Жээнбек Кулубаев белгилегендей, иш сапарынын алкагында Мамлекет башчысы Пекин шаарында өтө турган Кышкы Олимпиада — 2022 оюндарынын ачылыш аземине катышып, КЭР Төрагасы Си Цзиньпин менен жолугушат.

Жолугушууда тараптар саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашат.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө үстүбүздөгү жылы белгиленип жаткан Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы 30 жылдык дипломатиялык кызматташтыктын жыйынтыгы чыгарылып жана мындан аркы өз ара аракеттенүүнүн келечеги талкууланат.

“Талкуулана турган негизги маселелердин бири Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан эл аралык темир жол линиясын куруу перспективасы болмокчу.

Соода-экономикалык кызматташуунун алкагында кыргыз тарап “Эркечтам” жана “Торугарт” өткөрмө бекеттеринин өткөрүү мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү, өлкөлөр ортосундагы аба каттамдарын жандандыруу маселелерин көтөрөт. Мындан тышкары кыргыз делегациясы энергетика, тоо-кен, айыл чарба жана билим берүү тармактарында бир катар долбоорлорду улантууну ниеттенип, инвестициялык кызматташуу маселелерин талкуулоого даяр”, — деп маалымдады президенттин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

629