Бишкекте айдоочу 15 жаштагы окуучуну сүзүп кеткен. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кечээ, Чүй менен Калык Акиев көчөлөрүнүн кесилишинде 17 жаштагы айдоочу Volkswagen Passat унаасында жөө өтмөктөн өтүп бараткан 15 жаштагы окуучуну сүзүп кеткен. Жабыркаган окуучу ооруканага жеткирилген.
Ал эми айдоочу тергөө кызматына жеткирилип, унаа айып аянтчасына токтотулган.
Тиешелүү экспертизалар дайындалды.