Ошто жеңил унаа жардан кулап, үч адам жаракат алды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Кара-Суу районундагы Жыны-Арык айылында “Тойота Камри” үлгүсүндөгү жеңил унаа жолдон чыгып, жардан кулап кеткен. Кырсыктын кесепетинен 29 жаштагы А.А., . Т.у.Ж., . Ж.А. аттуу 3 эркек жаракат алып, ооруканага жеткирилген.

Унаадан өрт чыгып, өрт толугу менен өчүрүлгөн.