7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Нарында изделип жаткан 66 жаштагы жаран аты менен кошо сазга чөгүп кеткен

1329

Нарында издөөгө алынган жарандын сөөгү саздан табылганын ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ал Жумгал районуна караштуу Байзак айылынын Э.Т. , аттуу 66 жаштагы тургуну болгон. Туугандары аны 24-февралда үйдөн ат минип чыгып кеткен бойдон дайынсыз экенин билдирген.

6 куткаруучу тартылып, туугандарынын көрсөтмөсү менен Жумгал суусунун жээктеринен издөө ишин жүргүзүшүп, 4-мартта аталган жарандын сөөгү саздан табылган. Куткаруучулар миңген атынын жансыз денесин дагы саздан алып чыгышкан.

Маркумдун сөөгүн ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1330