Баткенде турак үйдөн өрт чыкканын ӨКМнын басма сөз кызматы билдирет.
Билдирүүгө ылайык, кечээ, 5-мартта Кызыл-Кыя шаарындагы Ак-Булак айылында Т.К.га таандык 2 бөлмөлүү турак үйдүн чатырынан өрт чыккан. Өрттүн кесепетинен 50 даана шифер, 22 даана айырмач, 120 метр рейка күйүп кеткен.
Өрттү өчүрүүгө 1 бөлүм тартылган, жабыркагандар болгон эмес.
Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.