5-марттан 9-мартка чейин абанын температурасынын жогорулашына жана жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу бар. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирет.
- Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138 чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу)
- Бишкек-Ош унаа жолунун 198-255 чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы)
- Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун (Чапчыма ашуусу) 70-75, 86-101 чакырымдарында,
- Красная Горка-Ак-Таш унаа жолунун 1-4 чакырымдарында
- Каракол- Эңилчек унаа 45-48, 65-90 чакырымдарында
- Казарман-Актал-Чат унаа жолунун 42-44 чакырымдарында (Ийри-Суу тилкеси)
- Казарман-Актаа-Чат унаа жолунун 60-94 чакырымдарында (Кара-Гөө ашуусу)