7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Баткенде мэриянын кызматкерлери жоопкерчиликке тартылды

982

Баткен облустук прокуратурасы тарабынан Баткен шаарынын И.Раззаков көчөсүндөгү тротуардын курулушунда аткарылбаган жумушту мыйзамсыз кабыл алуу фактысы боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында жооптуу кызматкерлер кылмыш жоопкерчилигине тартылышты. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Билдирүүгө ылайык, 2019-жылы Баткен шаардык мэриясынын жооптуу кызматкерлери жумуш аткаруучу “Ч.С” жоопкерчилиги чектелген коому тарабынан 2 млн. 964 миң 700 сомдук тротуар (арык-лотоктору менен) курулуш объектисин акты менен колдонууга кабыл алышкан.

Тергөөнүн жүрүшүндө жумуш аткаруучу тарабынан локалдык сметада каралган 1 млн. 917 миң 443 сомдук тротуарга асфальт төшөө иши аткарылбагандыгы аныкталып, натыйжада бул зыян толугу менен ордуна коюлду.

Тергөөнүн жыйынтыгында кылмыш иши соттун кароосуна жиберилди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

983