7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кылмыш ишин оң тарапка чечүү үчүн УКМКга 3 млн сомго жакын пара берген бир туугандар кармалды

1332

Пара берип жаткан жеринен иши тергөөдө жүргөн жаран жана анын бир тууганы кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, мурда УКМК тарабынан КРнын мамлекеттик чек ара аркылуу Казакстан Республикасына жалпы салмагы 11,51 кг наркотикалык затты алып өтүүгө аракет кылып кармалган Кыргыз жаранына карата Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 2-бөлүмү (Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын окшошторун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо) менен козголгон кылмыш ишине оң чечим чыгаруу үчүн УКМК кызматкерине 30 000 АКШ доллары өлчөмүндө пара сунуштаганы аныкталды.

Аталган факт Кылмыш-жаза кодексинин 345-беренесинин 3-бөлүгү (Пара берүү) боюнча каралган кылмыштын негизинде Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган.

Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин натыйжасында, МУКК кызматкерине 2 миллион 745 миң сом жана 2 миң АКШ доллары өлчөмүндө пара берип жаткан учурда А.М.А. жана анын бир тууганы А.Н.А. кармалды.

Учурда тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1333