Сиз өзүңүздү колу, буту жок бирок, бактылуу адам катары элестете аласызбы? Дал ошондой адам биздин планетабызда бар. Ал мүмкүнчүлүгү чектелгенине карабай мүмкүнчүлүгү бар адамдарга караганда бир топ ийгиликтүү. Ал оратор, жазуучу, Ник Вуйчич. Төмөндө дал ушул адамдын өмүр баяны.
1982-жылдын 2-декабрь күнү кычыраган кыштын чилдеси. Никтин апасы толгоосу башталып, төрөт учуру келип калган. Ага атасы да катышууга камынат. Көптөн күткөн наристе төрөлдү, бирок колу, буту жок. Баласын мындай абалда көрөмүн деп ойлобогон ата купкуу болгон өңүн жубайы көрбөсүн деп төрөт бөлмөсүнөн чыгууга шашат. Мындай окуяга дарыгерлер дагы таң калат. Себеби бала энесинин ичинде дени сак экендигин алар айтып келишкен. Бирок тагдырдын жазмышыбы, айтор бала майып болуп төрөлөт.
Никтин эң эле ишенгени бутунун бир кичинекей бөлүгүнүн бар болгону. Анын жардамы менен ал көп нерсе жасаганды үйрөнгөн. Сүзгөндү, жазганды, скейтте ойногонду өздөштүргөн. Мектеп жашына келгенде иүмкүнчүлүгү чектелген баласынын окуусу үчүн ата-эне көп аракет кылган. Ник Вуйчич Австралиядагы толук кандуу мектепте окуган биринчи майып бала болгон.
Никке дайыма анын башкалардан айрымаланып турганы оор тийчү. Жашоого мындай абалда эмнеге жаралдым деп кейичү. Жада калса сегиз жашында ал өзүн өзү өлтүрүүгө аракет кылган. Бирок ата-энесин ойлоп,кайра оюнан кайткан. Ал өзүн дайыма жалгыз сезчү. Бир жолу апасы ага бир оор абалдагы оорукчан адамдын баянын окуп берди. Ал окуя Никтин жүрөгүн элжиретип, жашоосун өзгөрткөн. Андан кийин ал өзүн кандай болсо дал ошондой кабыл алууну үйрөнгөн. Өзүнө окшош тагдырларды окуп, көрүп, изилдей баштаган. Жетинчи класста окуп жатканында ал окуучулар кеңешинде кайрымдуулук тармагында иштегенге жарап калган.
Мектепти ийгиликтүү аяктаган соң Ник Вуйчич окуусун улантып, эки жогорку билимдин ээси болгон. Ник 19 жашка чыкканда аны бир университетте студенттерге семинар өтүп берүү үчүн чакырган. Ал окуядан кийин Вуйчич жашоонун маңызын толук түшүнүп, өзүнүн бүт күчүн ,убактысын башкаларга дем, күч, шык берүүгө арнап баштаган.
2005-жылы “Жылдын эң жаш австралиялыгы” деген жогорку сыйлыкты алган.
Учурда Никтин жашы 40 жашта. Колу, буту жок болгону менен алты саны аман адамдарга караганда көп нерсеге жетишкен. Кайрымдуулук уюмдун президенти болуп эмгектенет, жеке өзүнүн мотивация берүүчү компаниясы бар. Ал дүйнө жүзүн кыдырып, өзүнүн жашоосу менен миллондогон адамдарды шыктандырып келет.
“ Жашодо ар кандай кырдаалдар болот, чалынып, кулап, кайра турууга күчүң жоктой сезген күндөр бар. Менин колум дагы, бутум да жок. Бирок мен эгер кулап түшсөм, кайра турууга 100 жолу аракет кылам. Эч качан үмүтүмдү үзбөйм. Ийгиликсиздик- баары бүттү деген кеп эмес. Негизгиси силер маарага кандай жетүүнү каалаганыңар. Жеңиш менен жеткиңер келсе, кулаган жерден кайра турууга күч табасыңар”,- дейт Ник Вуйчич.
2012-жылы 12-февралда Ник Канаэ Миахаре аттуу сулууга баш кошкон. Учурда алардын дени сак эки уулу жана эгиз кыздары бар.