Бишкек-Ош унаа жолундагы “Сосновка” өткөрүү пунктунда баңгизат ташып бара жаткан жаран кармалганын ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.
Билдирүүгө ылайык, “Притон” рейдинин алкагында 3-мартта саат 20:15 чамасында Киа-Рио үлгүсүндөгү унаа токтотулуп текшерүүгө алынган. Анда унаада бара жаткан 1986-жылкы О.Т. аттуу тургундун коюнунан өзгөчө жыты бар 21 таңгак кочкул жашыл түстөгү заттар табылган.
Кармалган адам баңгизатты өзү жасагандыгын, аларды инисине абакта эч ким тийишпесин деп “Смотрящийге” алып бара жаткандыгын айткан.
Кармалган адам убактылуу кармоочу жайына киргизилип, учурда сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.