Бүгүн, 10-марттагы Жогорку Кеңештин жыйынында экономика министри Данияр Амангелдиев доллар менен насыя алгандар акчаны сом менен төлөсө болорун айтты.
«Чет элдик валюталарда кредит алган юридикалык жактарга жардам көрсөтүлөт. Чет өлкө валютасында берилген насыялар улуттук валютага бекитилет»,- деди ал.