7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ысык-Атада аккумулятор уурдоого шектелип 26 жаштагы жаран кармалды

559

Ысык-Ата районунда уурулукка шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ушул жылдын 3-январында Ысык-Ата РИИБине 1986-жылы туулган А.Н. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда, үйүнүн алдында токтоп турган унаасынын аккумуляторун белгисиз бирөөлөр уурдап кеткенин билдирген.

Бул факты Кылмыштардын бирдиктүү реестрге катталып, териштирүү иштери башталган.

Жүргүзүлгөн ыкчам иштердин негизинде 1996-жылы туулган Х.О. аттуу жаран кармалып, шектүүнүн ушул сыяктуу дагы 3 кылмышка тиешеси бар экендиги аныкталган.

Учурда шектүүнүн дагы башка кылмыш иштерине тиешеси бар же жок экендиги боюнча териштирүү иштери жүргүзүлүп жатат.

Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

560